Menu

Кыргызстанда мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 5-декабрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — колдонуудагы Мыйзамдын айрым ченемдерин «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү.

Ушул багытта кабыл алынган Мыйзам менен «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктундагы «ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү» деген сөздөргө алмаштырылды.

Бул өзгөртүүгө ылайык Соцфонд пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжаларын чагылдырууга милдеттүү. Аларды эсептөөнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: