Menu

Түркмөнстанда чет өлкөгө китеп жөнөтүү тартиптери катаалдашты

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда чет өлкөгө китеп жөнөтүүнү каалаган жарандардан Мамлекеттик китепканадан атайын маалымкат талап кыла башташты. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдирди.

Буга чейин түркмөнстандыктар үч-төрт китепти чет өлкөгө эч кандай документсиз жөнөтүп келишкен.

Жаңы талап 1-январдан баштап күчүнө кирди. Маалыматтарга караганда, Мамлекеттик китепкана чет өлкөгө жөнөтүлө турган китеп Түрмөнстандын улуттук дөөлөтү эмес деген бүтүм чыгарып бериши керек.

Бул текшерүү үч күнгө созулат.

Түркмөнстандын тарыхына же адабиятына тиешеси жок, 40-50 жыл мурун басылып чыккан китептерди дагы экспертизага берип, маалымкат алуу зарыл.

Почта бөлүмдөрүндө китептерди чет өлкөгө жөнөтүүгө байланыштуу жаңы талаптар жөнүндө билдирүүлөр жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: