Menu

2010-жылдан бери Кыргызстанга келген чет өлкөлүктөрдүн саны алты эсеге көбөйгөн

Бөлүшүү:

Акыркы жылдары өлкөгө кирген чет өлкөлүк жарандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылга салыштырганда, өлкөгө келген чет өлкөлүктөрдүн саны дээрлик алты эсеге көбөйгөн.

«Эгер 2010-2011-жылдары келген чет өлкөлүктөрдүн орточо саны 70 миңдин айланасында болсо, былтыр биздин системаларда 450 миңден ашык чет өлкөлүк катталган. Бул тизмеге визасыз режим киргизүү тууралуу мыйзамдын негизинде виза алуудан жана каттоого туруудан бошотулган адамдар кирген эмес», — деди Шаикова.

Статистикага ылайык, Кыргызстанга кирүү үчүн виза талап кылынбаган 45 өлкөнүн ичинен баарынан да Түштүк Корея, АКШ жана Германия жарандары көп келишкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: