Menu

Карамат Орозова, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Бизде “койчу көп болсо, кой арам өлөт” деген саясат…”

Бөлүшүү:

– Карамат Бабашевна, Жер кодексине, Салык кодексине, «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жатканда, сиз бир катар сын пикирлерди, сунуштарды айттыңыз. Жер саясатын жүргүзүүдө бизде кандай кемчиликтерге жол берлип жатат деп ойлойсуз?

– Бизде, Кыргызстанда жер саясатын жүргүзгөн орган абдан көп. Алардын арасында юстиция министрлиги да бар. Мен таңгалам да, жер саясатын эмне үчүн юстиция министрлиги жүргүзүшү керек? Ошол эле мезгилде айыл чарба министрлиги, мамлекеттик экотехинспекция, архитектура боюнча комитет, мамлекеттик каттоо, геодезия, картография кызматы, айтор, жер саясатын жүргүзгөн органдар бизде абдан көп. Ал эми кошуна мамлекеттерде бир эле орган бар. Кошуна өлкөлөр менен жер маселесин такташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн мезгилде алардан бир эле киши келет. А бизден болсо мен жогоруда атаган органдардын баарынын өкүлү барат. Эгер алардын бирөө эле барбаса, сүйлөшүү жүрбөй калат. Алардын баарына командировкалык чыгым кетет. Атүгүл бир жолу картография кызматынын картасы калып кетип, кайра алып кеткен учурлар болгон. Ошон үчүн мен өкмөткө дайыма «жер саясатын жүргүзүүнү бир эле органга бербейсиңерби?» деп маселе коюп келатам. «Бүгүнкү күнгө чейин бизде канча сугат, канча айдоо, анча кайрак жер, жайыт бар?» деп биз суроо бергенде ар кайсы органдан ар башка цифралар айтылат. Инвентаризация толук жүргөн жок. «Койчу көп болсо, кой арам өлөт» деген даана бизде болуп жатат.

-Ушундай эле көйгөйлөр билим берүүдө деле бар да?

– Билим берүүнүн негизги багыты – бизге талап кылынган, биз муктаж болгон билимге көбүрөөк басым жасаш керек. Маселен, айып жерлеринде бизге предметтик мугалимдер, орус, англис тили, физика, метематика мугалимдери жетишпейт. ЖОЖду бүткөндөрдүн көбү айылга барышпайт. Натыйжада, мектеп бүтүрүүчүлөрү жүз пайыз тестирлөөгө катышса дагы, алардын 30 пайызы гана 110 балл ала алышат. А калган балдарчы, алардын эртеңи эмне болот?

Биз дайыма айтып келебиз, «бизге мектептерге сөзсүз психолог керек» деп. Ооруканаларга да психотерапевт жетишпейт. Ошону менен катар балдар врачы жетишсиз. Мисалы, Баткен облустук ооруканасында бир да педиатр жок. Инфекционист врач педиатр болуп жүрөт. Ошон үчүн «эл өзгөчө муктаж болгон адистиктерди көбүрөөк окутпайлыбы?» деп айтып жүрөм.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: