Menu

Өзбекстан картөшкөнү Пакистандан сатып алууда

Бөлүшүү:

Картөшкө сатып алуу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда өкмөттөр аралык келишимге расмий кол коюлган эмес. Бул тууралуу өзбек өкмөтүндөгү өз булактар билдиришти.

Алардын айтымдарында, учурда өзбек ишкерлери картөшкөнү Пакистандан сатып алып жатышат. «Кыргызстан картөшкөнү бизге экспорттоо каалоосун билдирген. Бирок кыргыз картөшкөсү кымбат болгондуктан, ишкерлер Пакистандан арзаныраак алып келип жатышат. Азыр өзбек базарында картөшкө жетиштүү», — деп билдиришти булактар.

Буга чейин кмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Максат Мусаев облуста 150 миң тонна картөшкө сатылбай турганын айткан.

Былтыр өкмөттүн экспорт тууралуу убадасына ишенип, картөшкөнү көп айдап алган дыйкандар болсо мээнети акталбай калганын билдиришүүдө. Алардын айтымдарында, былтыр картөшкөнүн килограммынын дүң баасы 16 сом болсо, быйыл 4,5 сом болууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: