Кыргыз бийлигинин кээ бир жүрүштөрүн көргөндө тим эле жерге кирип кете жаздайсың! Ошол кылыгы үчүн уялып да, жиниң кайнап да турат!
Аз күн мурун Жазаларды аткаруу мекемесинин төрагасы Таалайбек Жапаров баш болгон лөктөрү Молдовановкадагы диний экстремисттерди кармоочу атайын жайды ачышып, лента кесип жатпайбы… Э шумдугуң соолгур, түрмө ачып жатабыз деп да лента кесеби?! Эй, лентаны кесүү деген жакшылык күткөн нерсе. Мисалы, мектептердин, бала бакчалардын, клубдардын лентасын кесип, ал жерге жакшылык болуусун каалайт. Анан түрмөнү ачып атып лента кесүү дегенди кантип түнгүнөбүз?! Ошол жердегилер аман-эсен болсун, келечегинен берсин, бала-чака бапырасын… деппи?! Жосунуңар жолдо калсын!
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ