Эсибизде, Атамбаев бийликте турганда айрым адамдардын дарегине катуу сөздөрдү айтып, аларды эл душманы атаганды жакшы керчү. Бир ирет ЖК депутаты Зиядин Жамалдиновду да эл душманы атаган. Ага депутаттын Бишкек ЖЗБин реконструкциялоого Кытайдан кредитти аз өлчөмдө алыш керек деп айтканы себеп болгон.
Ошондо Атамбаевге көпчүлүк таң калган. “Кыргызстандын карызы ансыз деле көп, кредитти аз алалы дегендин эмнеси жаман, ошол үчүн эле эл душманы болуп калабы? Антип Жамалдиновго каарын төккөнгө Атамбаевге эмне күч келди?”, – деп биз да таң калган элек.
Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов Атамабевдин кезинде ошентип айтканын эске салды. Убагында мен “ушул кредиттерди аз алалы, эгерде кредит ала турган болсок, биз ошону туура багытта иштетели” деп айтсам, экс-президент Алмаз Атамбаев “депутат Жамалдинов деген бар, ушул мени кредитти албасын деп айтып жатат, бул элдин душманы болот” деп мен тууралу айтып чыккан. Бүгүн Атамбаев өзү командасы менен эл душманы болуп турат. Бир эле Бишкек ТЭЦи боюнча курулушта 111 млн. доллар ашыкча чыгымдалган. Эми кимди элдин душманы деп атасак болот?», – деди эл өкүлү.
Эл өкүлүнүн айтканына кошулбай коюуга болбойт. Бүгүн кимдин ким экенин, кимдин эл душманы экенин билип олтурабыз. Көрсө, Атамбаев депутаттар Бишкек ЖЭБи үчүн алынчу кредиттин суммасын азайтып салышса, пландалган коррупциялык схема ишке ашпай калабы деп чоочулап, ошондон улам ал кредитке кар-шы болгондор көзүнө душмандай көрүнчү тура. Анан “силер менин душманымсыңар”- деп айта албай, “булар элдин душманы болот” дегенди бетке кармачу экен да…
Аэлита Сатындиева
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ