Ошто Көк-Бөрү оюну маалында тай казанга башы менен урунган 28 жаштагы Авазбек Майрамбек уулу каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.
Маалыматка караганда, маркум оюнга 28-февралда катышкан.
«Ал анда тайказанга кулап түшүп, башы менен урунган. Кечээ операция маалында ал көз жумду. Анын артында кичинекей баласы калды»,-деп билдиришти алар.
Белгилей кетсек, тай казандын тегерегинде көптөн бери чырдашуулар жүрүп жатат. Жакында Астанада өткөн Дүйнөлүк Көк-Бөрү ассоциациясынын жыйынында эл аралык оюндарда тай казанды колдонбоо тууралуу чечим кабыл алынган. Бирок кыргыз оюнчулары ага макул эместигин билдиришүүдө.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ