Бүгүн, 6-июнга карата Кыргызстанда дагы 38 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
– Бишкек шаарынан – 9 адам;
– Ош шаарынан – 11 адам;
– Ош облусунан – 2 адам;
– Нарын облусунан – 3 адам;
– Чүй облусунан – 10 адам;
– Баткен облусунан – 1 адам;
– Жалал-Абад облусунан – 2 адам.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1974кө жетти.
Ал эми өткөн суткада коронавирустан 20 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаарынан – 14 адам;
– Нарын облусунан – 3 адам;
– Ош облусунан – 3 адам.
Республика боюнча жалпы 1360 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ