Menu

Коррупцияга шектелген Ибраимов менен Кулматовду “сүттөн ак” деп кантип айтабыз?

Бөлүшүү:

Куураган куу «алкымдын» айынан, коррупцияга шектелип абакка тушкөн Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун тергөө иштери аяктап фемида өкүлдөрүнө жетип, соттук процесс башталды.

Көпчүлүктүн көңүл чордонунда турган бул резонанстуу ишке кара кылды как жарган судья кандай чечим чыгараары коомчулуктун бүйүрүн кызытууда. Эгер эл күткөн адилеттүү чечим чыгарылып калса, жемкорлукка катуу сокку урулуп, далай чиновникти эсине келтирет дегендер арбын. Айтор, экөөсүнүн бириктирилген кылмыш иши 6-март күнү Ленин райондук сотунда жабык түрдө каралып, соттук отурумга журналисттер, айыпталуучулардын туугандары жана жакындары киргизилген жок.

Иштин чоо-жайын баяндай кетсек, Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы жана Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов баш калаада мектеп салууга бөлүнгөн 2 миллион долларды кымырган жемкорлук боюнча айыпталууда. Ал эми Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сыйакы алганы, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтиргени жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бардыгы боюнча айыптар коюлган. Эки мэрдин иши боюнча шектелгендердин катарында 12 киши бар.

Кызыгы, мамлекеттик каражатты «кулкунга» куйган эки эргул кылган ишин моюнга албастан так секирип, козголгон кылмыш иштерге саясий боек сүрткөнгө аракет кылып, суудан кургак чыгууга аракеттенүүдө. Биринчиден, булардын көз көрүнөө беттырмоочулукка барып, саясий куугунтук дегени таптакыр суу кечпейт. Анткени, алар бийлик куугунтук кыла тургандай эч качан оппозициянын өкүлдөрү болгон эмес. Ар дайым бийликтин короосун шыпырып келген. Экинчиси, булар баардык маселени акча менен чечип қелген көпөстөр. Кутулуп кетүү үчүн судьянын ниетин бузуп, ар кандай жолдор менен «жең ичинен» азгырып көрүшү мүмкүн. Бул жерде кесе жана так айтышыбыз керек, андайга жол берилбеши шарт.

Бүткүл коомдун назарын да турган ишке шалаакы мамиле жасап, фемида өкүлдөрү жеке кызыкчылыкка алдырып койсо, эл эми кечирбейт. Азыр коомдун көз карашы башка. Кол куушуруп отуруп бербейт. Муну ар бири түшүнгөнү оң. Дегенибиз, коррупцияга айыпталып жаткан эки экс-мэр мамлекеттик бийликтен тырмагынын учуна чейин байыган адамдар. Маселен, Албек Ибраимовдун өзүнө жана аялына катталган кыймылсыз мүлктөрдун жалпы саны 186дан ашты. Тергөөнүн жүрүшүндө экс-мэр өзүнө 39 мүлк, аялы Айнура Ибраимовага 147 кыймылсыз мүлк каттаганы ачыкка чыкты. Бул эмне деген байлык.

Ынсапсыздыктын эмблемасы болгон Албек жеке керт башына Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынан 10 гектардан турган 34 жер тилкесин каттаптыр. Бул бир айыл жайгаша турган аймак да. Мындан сырткары, көзү тойбогон эргулдун Арашан айылында гаражы, курулуп бүтөлек турак-жай объектиси, коммерциялык мастерскою, айыл чарба багытындагы сарайлары жана бир даана толук курулуп бүткөн турак-үйү бар экен. Албек аялына дагы болуп көрбөгөндөй байлыкты чегерип, Айнура Ибраимовага Арашан айылынан 147 объектини каттаган. Анын 10у айыл чарба фермасы болуп саналса, 42си айыл чарба багытындагы кайрак жер тилкелери. 47си айыл чарба багытындагы сугат жер, 46сы чөп чаба турган жерлер. Булардын баары элге кайтарылышы керек.

Ал эми Кубанычбек Кулматов мүлктөрүнүн негизги бөлүгүн биринчи жубайы Наталья Кулматовага каттаган. Бишкектин борбордук бөлүгүндө эле бир нече турак жайы бар. Алсак, Тынчтык проспектисинде, Эркиндик, Ясненский, Он-Арча, Орозбеков көчөлөрундө бир нече элиталык батирлери бар. Баш калаада «Бишкек» рестораны, Ысык-Көлдөгү Кара-Ой айылында эс алуучу бир нече коттедждери да бар. Бишкектин Орозбеков көчөсүндөгү батирлерди уулу Каныбекке каттап берген. Жер тилкелерир да бир нече экени билинген. Эркиндик сейил багында күн сайын миллиондогон киреше тапкан салону, жеке ишканалары бар. Акыркы үлгүдөгү кымбат баалуу автоунааларды санасаң санак жетпейт.

Кулматовго «Баалар боюнча кыргыз ассоциация» биримдиги, «Гринвейс» курулуш компаниясы, «Эйжен Хоспиталити» бирикмеси, «Көз карандысыз баа жана экспертиза» ЖЧКсы тиешелүү экени аныкталган. Жаш аялы Жамийлада «’Тойота Прадо» үлгүсүндөгү автоунаа бар. Айтор, майдалап айта берсең бүтпөй турган мүлккө ээ болушкан. Бир учурда Ата-Түрк паркындагы мыйзамсыз берилген жерде дагы Кулматовдор эки участокко ээ болуп, особняк салганы айтылган. Бирок негедир алар тергөө иштерине кирбей калыптыр. Мүмкүн сатып же башка бирөөгө каттатып койгондур. Кыскасы, Албек менен Кубанычбек мамлекеттик кызматтарды аркалап жүрүп коконуна чейин байыган. Анан булар кантип сүттөн тазабыз деп актанып, акталышы керек. Мындайга жол берилбеши шарт.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: