Алматы шаарынын Эл аралык аэропорту «Түркмөн аба жолдору» авиакомпаниясын багаж ташуу эрежелерин бузууга айыптады. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» билдирди.
Маалыматтарга караганда, «Turkmenistan Airlines – Türkmen Howa Ýollary» Ашхабаддан Алматыга жумасына үч жолу каттайт. Алматы аэропортунун маалымат кызматы Ашхабад аэропортунан багаж дайыма толук көлмөдө жүктөлбөй келерин, калган жүктөрдү компания жакынкы каттамдар менен эмес, белгилүү бир убакыт өткөн соң жөнөтөрүн билдирген.
лматы Эл аралык аэропортунун багаждарды издөө бөлүмүнө 2019-жылдын январь айында эле «Түркмөн аба жолдорунун» жүргүнчүлөрүнөн 93 даттануу түшкөн. Февралда – 293, 15-мартка карата 118 багаж өз убагында келген эмес.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ