Президенттин иниси Асилбек Жээнбековду КСДП ичинде болуп жаткан интригаларга аралаштырып, андан чоң саясат жасоого жан үрөгөндөр арбын болду. КСДПны Атамбаевден Асилбек тартып алмай болуп жатат дегендердин оозу ушул жума жабылды окшойт. Андай интригаларга эч кандай тийешеси жок экенин, КСДП бир адамдын кызыкчылыгын гана көздөп калган партияга айланып калганын, өзү кыйын кезде партияга келип, парламент босогосун аттаганга кошкон салымын, түштүктө партияны жайылтуу үчүн болгон аракетин жумшаганына өкүнбөсүн билдирип, бүгүнкүдөй саясаттын сасык оюнуна аралашпай оолак боло турганын билдирип, КСДП менен кош айтышып кете берди. Чындыгында эле акыркы эки шайлоодо Асилбек Жээнбековдун командасы түштүктө активдүү иштебегенде КСДП оюндан эбак четтеп калмак. Муну Атамбаев оор болсо дагы жигиттик кылып мойнуна алыш керек.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ