Menu

Видео – Эдил Байсалов: «2010-жылы Бакиевдердин бийлиги калганда кыргыз эли азыр экономикасы жагынан эки эсе тогураак, байыраак, өркүндөп жашамакпыз. Бул факт!”

Бөлүшүү:

5-каналдын журналисттеринин 2010-жылдын 7-апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүштүн 9 жылдан кийинки жыйынтыктары тууралу суроосуна ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн  төрайымы Роза Отунбаеванын аппарат башчысы Эдил Байсалов жооп берген.

-2010-жылы апрель төңкөрүшүн жасагандар “биз үй бүлөлүк башкарууну токтоттук” деп жатышат, сиз кандай ойлойсуз?

-Мен азыр айта турган сөзүмдү 2013-жылдан бери айтып келатам, 2010-жылдын 7-апрели максатына жеткен жок. 7-апрелде шейит кеткен биздин балдарыбыз, кетпей эле койсо болмок, анткени алардын жеңишинин пайдасын кайдагы бир жүз адам көрсө, жалпы эл керек болсо көбүрөөк уттурдук.Мына, мен айта алам, бул сөзүм балким кандайдыр бир таңкалычтуу болуш керек, менин айтып жатканым, конюктура үчүн эмес, мен бул сөздү 2013-жылдан бери айтып келатам. 2012-2013-жылдары так болуп көрүнүп калды, 7-апрелден кийин бизге кандай бийлик келди, мүнөзү кандай, максаттары кандай, ошондой эле мен айта баштадым, тилекке каршы, 2010-жылы Бакиевдердин бийлиги калганда кыргыз эли экономикасы жагынан мына, эки эсе азыр тогураак, байыраак, өркүндөп жашамакпыз. Бул факт! Муну любой экономист айтып бере алат, биз кандай уттурдук, анан кандай азыр көтөрүлө албай жатабыз. Мамлекеттик башкаруунун сапаты жагынан да ушуну айтсак болот да, ошондуктан биз ушул сөздү 2013-жылдан бери “мына бул жетишкен жок, эркиндигибиз деп балдар жанын кыйды эле андай эркиндик болгон жок, убада кылынды эле аткарылбады. Сотторду айттык эле, сөз эркиндигин айттык, жыйын эркиндигин айттык, парламенттеги демократияны айтып аттык, мына эми болсо, бир ай мурун, ошол 2010-жылы 7-апрелде бийликке келген адам, убадаларды берген адам, биз 7-апрелде такка олтургузган адам Алмаз Атамбаев айтып атат… азыр 2019-жылы, 9 жыл өткөндөн кийин Атамбаев өзү “Кыргызстанда эч акыйкаттык жок” деп айтып мойнуна алып жатат”, – деди Эдил Байсалов.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: