Menu

Асанбек Токтомушев, профессор, Республикалык онкологиялык борбордун урология бөлүмүнүн башчысы: “Дарыгер жүрөгү менен дарылабаса, ал оорулууну айыктыра албайт”

Бөлүшүү:

Адам баласынын жашоо турмушунда ден-соолуктан өткөн байлык жок тура. Ошондон улам элибизде илгертеден: “Ден-соолугуң болсо зорсуң, ден-соолугуң бобосо корсуң”-деген накыл сөз айтылып калган да. Элибиздин саламатчылыгын сактоодо медицина кызматкерлерибиз күн тынымын, түн уйкусун кечип, ажал менен арбашып, өмүр үчүн күрөшүп келет. Учурдагы бат өзгөрмөлүү заманда ден-соолук улуттардын, мамлекеттин келечегинин жана коопсуздугунун олуттуу маселесине айланууда. Ардактуу, ошол эле мезгилде чоң жоопкерчилик милдети тагылган ак халатчан дарыгерлерге бүтүндөй улуттун саламаттыгын сактоо милдети жүктөлгөн.

Бул багытта мамлекетибиздин эң зор байлыгы болгон адамдардын ден-соолугу үчүн акниеттүү асыл иштерин жумшап келаткан медицина илимдеринин доктору, профессор, Эл-аралык “Ататүрк” алтын медалынын ээси, сексенден ашык илимий эмгектердин жана он китептин автору, жогорку квалификациядагы онкоуролог, 1991-жылдан бери Республикалык онкологиялык борбордун урология бөлүмүнүн башчысы, Асанбек Токтомушев агайга жолугуп, учурдагы кары-жаш дебей кабылып жаткан простатит оорусу жөнүндө ой бөлүшүүсүн сурандык.

-Простатиттин пайда болуусуна негизги себептери кайсылар?

– Негизги себеп, жергиликтүү кан айлануунун солгундашы менен байланыштуу. Буга көбүнчө такай отуруп иштегендер жана толук адамдар кабылышат. Бул “ууру жерде” микромитенин (гонорея, уретрит) болушу оорута алып келет. Жеке эле бул эмес башка жактан сезгенген органдардан да жер которуп көчүп келиши ыктымал (ангина, туберкулез ж.б.)

– Простаттин түрлөрүнө токтоло кетсеңиз ?

-Башка дарттардай эле простатит курч мүнөздөгү жана өнөкөткө айланган дарт болуп экиге бөлүнөт. Курч мүнөздөгүсү кез-кези менен табынын көтөрүлүшү, мурунтан байкалбаган баш оору. Чоң жана кичине заара аткарууда жагымсыз абалды пайда кылышы.Тез-тезден дааратканага баруу сезиминин пайда болуусу. Оор убактарда зааранын туттугуп калышы. Өнөкөт болуп калган жамбаш тулгасынын оору синдрому маал-маалы менен же болбосо дайыма бейтапты тынчсыздандырып турат. Мунун кесепетинен учу-жамбаш тулгасында орношкон органдардын иши бузулат. Курч байкалган урук безинин сезгенүүсү убагында рационалдык жардам албай калса, өнөкөт дартка өтөт. Мында оору симптомдору курч мүнөздөгүгө караганда тынч, латенттик маанайда өтөт. Симптомдор жокко эсе. Догдурга кайрылууга бейтаптын моюну жар бербейт. Жаман жери: эгерде бейтапта простатанын залалсыз шишиги аныкталса, простатиттин симптомдору көмүскөдө калат да, “мунун баары аденома менен байланыштуу”-деп бейтап жүрө берет, анын соңунан дарылануу өксүп калат да, дарт аста-астадан өзүнүн “карасанатайлык” ишин уланта берет. Бул жерде диспансердик профилактикалык байкоо өтө зарыл экендигин унутпоо керек.

-Дарылоо ыкмалары кандай таризде жүрөт ?

-Простатитти физиотерапия, ийне саюу, дары ичирүү жана башка ар кандай ыкмалар менен дарылоо жүргүзүлөт. Простатит комплекстүү дарылоо кажет. Эгер дарылоо сунуш кылган ыкмалардын бири колдонулбай калса, анда айыгууга мүмкүн болбой калат. Курч мүнөздөгү дарт көп деле татаалдашкан дарылоону талап кылбайт. Ал эми өнөкөт ооруда олуттуу дарылоо маселеси каралат. Аларды туура коррекциялап жөнгө салбаса дарылоо максатына жетпей калат. Сакайтуу тактикасын рационалдуу чечүү чоң роль ойнойт. Оорунун жалпы турумуна карап, өзгөгөчөлөктөрүнө жараша тиешелүү дарылоо тактикасы талап кылынып, анан дагы дарттын пайда болуу себептерин эстен чыгарбай, аны жоюга тырышуу керек. Өзүнө-өзү диагноз коюу, бул багытта адис болсо да, дарылоо ишинин оңунан чыгышын камсыз кыла албайт. Башка бир адамдардын айткандарына ишенүү, адис эмес адамдардын айткандарын жасоо туура эмес. Ден-соолугун сактоо ар бир адамдын өз колунда.

Асан Акматов

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: