Menu

Таласта кен кызматкеринин өлүмү иликтенип жатат

Бөлүшүү:

Таластын Бакай-Ата районундагы Шыралжын кенинде бригадир болуп иштеген Рамис Төтөновдун өлүмү иликтенип жатат. Быйыл 31-январда ишке кеткен бойдон дайыны чыкпай калган Төтөновдун сөөгүн 11-майда жергиликтүү тургун жайлоодо мал издеп жүрүп, бадалдардын арасынан тапкан.

Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева сөөктү жакындары таанып алып кетишкенин, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Рамис Төтөновдун дайынсыз жоголгонуна байланыштуу, 14-мартта Бакай-Ата районундагы Биринчи Май айылынын элүүгө жакын тургуну (маркумдун айылдаштары) Шыралжын кенин жабууну талап кылып чыгышкан. Кен казган компания өкүлдөрү да жарандын жоголушуна тынчсыздануусун билдиришкен.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: