«Ашхабаддын дээрлик бардык мектептеринде окуучу кыздарга жашыл түстөгү кездемелер таратылды. Матанын узундугу 2 метр. Андан окуучу кыздар өздөрүнө униформаларды тигиши керек. Көйнөктөрдү жаңы окуу жылына карата сентябрда кийишет», – деди «Азаттыктын» Ашхабаддагы кабарчысы.
Кездеменин баасы 75 манат турат, дүң базарларда ушундай эле товарды 50 манатка сатып алса болот. Түркмөнстанда расмий курс боюнча 1 доллар 3,5 манат турат. Униформаны тигүүгө кеминде эле 30 манат кетет.
Түркмөнстандын орто мектептеринде кыздар жашыл көйнөк, ак фартук жана такыя кийишет. Өлкөдөгү жогорку жана орто окуу жайлары бирдиктүү форма кийүүгө милдеттүү.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ