Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен башчысы Абдыкалык Рустамовго карата нааразылыктар көптөн бери айтылып, ал жөнүндө парламентте да маселе көтөрүлүп келет, бирок эмдигиче анын жыйынтыгы жок. Анын иши Коопсуздук кеӊешинде каралган, анда бир топ коррупциялык көмүскө схемалардын бар экени аныкталып, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген. Премьер-министр качанкыга чейин агенттиктин башчысынын мындай кылыгына чыдап отура берет. Бул тууралуу депутат Улукбек Ормонов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
«Бир ай мурун вице-спикер Аида Касымалиева да премьер-министрге ушундай жетекчилер иштей берсе болобу деген суроо менен кайрылган. Эсептөө палатасынын текшерүү жыйынтыгында мамлекеттик жана донордук каражаттарды өз багытында пайдаланбаганы, Глобалдык экологиялык фонддун каражатын мыйзамсыз пайдаланганы ашкере болду. Анысы аз келгенсип, өзүнүн шоопурун эл аралык жыйындарга жиберет экен. Штаттан тышкаркы бир кызматкер агенттиктин атынан 7 жолу эл аралык иш-чараларга катышыптыр. Мына ушунун өзү эле анын кандай неме экенинен кабар берип турбайбы», – деди депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ