Ооганстан Ислам Республикасынын Президенти Мохаммад Ашраф Гани бүгүн, 13-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
«Манас» эл аралык аэропортунан Ооганстандын Президентин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ