Кечээ, 15-октябрда «Калыс-Ордо» конушунда жайгашкан 7 гектар жер тилкесин жүздөй киши басып алууга аракет жасаган. Милиция менен жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын (ЖКБ) кызматкерлери келишип, түшүндүрүүгө аракет жасап, бирок эл аларды укпай койгон. Натыйжада милиция күч колдонуп, уюштуруучулары менен албууттангандарын №5 милиция бөлүмүнө алып барып, өздүгүн такташты.
Шаар бийлиги жарандарга курулуш үчүн жер берүүгө мораторий жарыяланганын эске салды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ