Menu

Актанган менен Акун, акталбай калды го…

Бөлүшүү:

Турсунбек Акундун Кыргыз мамлекетинин демократиялык өсүштөрүнө кайсыл бир жагдайларда салымы бар экенин танууга деле болбойт. Укукчу катары укуругу узун Бакиевдик бийликтин тушунда, кара жанын карч уруп, ар кимдин укугун коргоп жакшы эле чуркап жүрдү. Албетте, ал кезде анчалык “акча” жытын биле элек, саясаттын сайдагы ташындай жаңы жаш кези окшобойбу. Чындык дегенде, адам укугу дегенди айтса адам жанына тура алгыс абал эле. Ал “эрдиги” үчүн эл колдоосуна алынып, “Акыйкатчы” да болду. Ал ишинде деле салыштырмалуу жакшы иштерди кылганынан шек санай албайбыз. Кудай ургандан, бир күнү акчанын айынан урду көрүнөт. Өлкөдө оор кылмыштар менен олтурган, крим төбөлү Азиз Батукаев камакта чыгарылып, Чеченстанга учуп кетет экен деген кабар тарады. Муну да ачык эч ким айтып чыккан жок. Мамлекеттик тийиштүү жетекчилер билдирүү да кылган жок. Тар чөйрөдөгү кептерге, тар эле жооп берип жатышты. Үч чечен улутундагы адамдар Кыргызстан учуп келгени да айтылды. “Акча алып келишиптир” деди, бир топтору. Кимге экенин эч ким билген жок. “Батукаевдин баш эркиндиги 1 млн. долларга баатаныптыр” деп жазгандар болду. Кыскасы, Кыргызстандын тагдыры кайсыл бир экономикалык блокадага түшүп, андан арылуунун жолун издеп аткандай аракеттер көрүлө баштады. Айрыкча, укукчу катары Акундун аракети “чебелектейт”. Ал болбосо ким болот эле? Иши укукчу, укукка шылтап жогорку келишимдердин, жолдордун аракетин кылып жүрбөгөнүнө ким кепил боло алат эле? А мүмкүн, Бактукаевди өлкөдөн чыгаруунун жолун жогору жакка Акун айтып бердиби, ал деле табышмак. Неси болсо да, Батукаевдин чыгып кеткен иштери эми иликтенип, аягы ар кимди торго алып барууда.

Кезек, Акунга жеткендей… Өткөн сандарыбызда “Батукаев “баяны”, камалат дагы далайы” деген аталыштагы макала жарыялаган элек. Анда Батукаевдин ишине байланыштуу камоолорду, сурактарды жана териштирүүлөрдү мисалга келтирип, кийинки кезек Рысалиев менен Акунга кезек келет окшобойбу таризинде жазылган болчу. Айтканыбыздай, Рысалиев камакка алынып, ден соолугуна байланыштуу дарыланып жатат. Ал эми Акундун абалы, азырынча “жакшы”. Эркиндигинен пайдаланып, коомчулукта аны кандай гана сындар жана шектенүүлөр менен каралап жатпасын, кадимки мурдагы жүрүшүнөн жанбай, эксти эси кеткенче тепкилеп, азыркы ажону айга-күнгө теңөө менен алек. Ал турсун анын айрым социалдык баракчасындагы билдирүүлөрүнө үңүлсөк, ачык эле азыркы бийликтин колго кармалгыс “кутунун” куйругуна жабышып, баягы бир кездеги досу Нарынбаевге “тамашалап” кат жазгандай, кайран киши, “сууланбай” кирип чыгууда. Факты деген факт. Эл аралык конвенциянын негизинде соттолгон адамга дарыгерлер оор, өмүрүнө коркунуч келтирген диагноз коюлса аны туугандарына өткөрүп берүү керек деген жүйөлөрдүн айынан чыккан Батукаевдин укугун дал ушул Акун мырза коргоп, аны Президентке жеткиргени айдан ачык. Анан эле күнөлүү таппай убара. Тапшырма берген бир тең, аны аткарган андан ашкан кылмыш экенин, азыркы абактагылар жакшы эле түшүндү болуш керек. Бирок, Акунду кардан ак десек, калп болуп калаар. Мындай абалда Кыргызстандын абактарында бир топ адамдар бар болушу толук мүмкүн. Бирок, ошондой шарттар менен абактан бошотулганын коомчулук жакында эле укса керек. Же кыргыздар темирден бекен?

Дал ошону негиз келтирип, Акундун айткан: “-менин ал жерде кандай күнөөм бар эле, мен жобону эле аткардым” деп, жогорудагы макалага карата пикирин билдирген кат көтөрүп, анын жардамчысы Бабаназаров деген келиптир. Катынын негизги мазмуну: “бул жакшылыкча эскертүүбүз, болбосо мыйзам жолунда ар намысыбызды коргойбуз” – деп жазылат ал катта. Макаланы ар бир окуган адам терең мазмунун түшүнөт. Анда Акундун абийирине шек келтире турган жагдайлар деле жок. Баардык алынган кыска маалыматтар айрым маалымат булактарынан келтирилген. Ал эми коллаж катары кеткен биринчи беттеги сүрөт, эркин басылманын эркин укуктарына таянып, башка маалымат булактары сыяктуу эле, окуянын мазмунун коллаж катары жеткирүүгө багытталган. Эгер Акун анчалык эле укук жана абийир коргогуч болсо, анда баардык басылма беттериндеги коллаждарга бирдей мамиле кылып, чыныгы укукчу катары өзүнүн абийринен мурда, башкалардыкына да басым жасаганы оң болоор. Албетте, ар ким өз абийири үчүн өзү жоопкер жана милдеттүү, ошентсе да Акундан “атагы” чыныгы Элдик укукчу менен таанымал эмес беле.

Эми ал жагы өзүнүн эрки. Биз аны “мыйзамыңды, укугуңду мындай корго” деп айта албайбыз. Негизгиси, өз абийирин коргогусу келген Акундун, айтып оозду жапкыча Батукаевден акча алганы боюнча анын эжеси айтып чыкты. Кеп ушул багытта, такташмайлар ушул өңүттө кетсе, биз шектенген маалыматтардын чындыгы чыгып, коомчулукта “Акун дагы камалышы керек” деген жаалданган “жаман” сөздөр өз ордун табып калат беле деген ой. Акундун аракетине жараша, сөздөр улансын…

Баймырза Накай

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: