Menu

Алтынбек Жунус уулу, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан ЖК депутаты: “Коомчулук бизди “чимкирик” деп тепкилесе көтөрөбүз, себеби элдин көйгөйүн чече албай атабыз”

Бөлүшүү:

– Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча комиссиянын курамына кирген депутаттардын бир тобунун артында кылмыш иши бар, «алар комиссияга өч алуу максатында кирген» деген сөздөр жүрүүдө. Сиз бул комиссияга кандайча кирип калдыңыз?

– Комиссияга фракциянын сунушу боюнча кирдим. Негизи бизден Мирлан Бакиров кирмек. Бирок, регламентте «вице-спикерге комиссияга мүчө болгонго болбойт» деген жобо бар экен. Ошого байланыштуу мени сунушташты. Мен «өч алуу» дегенден алысмын, «калыстык болсо экен» деп гана ойлойм. Эгер бул киши тазалыгын сотто далилдеп чыгып кетсе, биздеги сот реформасынын дагы бир жеңиши болот.

– Эмне үчүн Атамбаевдин кемчиликтерин президент кезинде айткан жоксуңар?

– Оппозиция катары айтып эле жүрдүк. Мисалы, мен өзүм 2016-жылы Конституцияга добуш бергенде каршы баскам. Мен го биринчи жолу шайланып келген депутатмын. Менден кыйын, үлкөн депутат Текебаевди таш чайнагандай чайнап туруп, камап койду. Президенттин өкүлү «баспасаң көрөсүң» деп кабинетти эмес, палатаны кыдырчу. Ошол замандарды көрдүк.

– «Чимкирик» дегенге сиз дагы чычаладыңызбы?

– Андай «чимкирик» деген бааны эл берсе, коомчулук кандай тепкилесе да көтөрөбүз. Себеби, элдин көйгөйүн толук чече албай жатпайбызбы. Экономика, башка маселелерди. Бирок, Атамбаев андай сөздү айтканын туура эмес көрөм. Себеби, Жогорку Кеңештин 80 пайызына ошол кишинин тиешеси бар. Ар бир талапкердин фамилиясын өзү көзөмөлдөгөн. Анан анын сөзүн сүйлөгөн киши «чимкирик» эмес, ал эми сүйлөбөгөндөр «чимкирик» болуп калганынын өзү ал кишиге жакшы мүнөздөмө бербейт.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: