Menu

Ташкент эл аралык аэропорту жарыксыз калды

Бөлүшүү:

Ислам Каримов атындагы Ташкент эл аралык аэропорту 23үнөн 24-июнга караган түнү 40-45 мүнөткө электр жарыгысыз калды.

Жүргүнчүлөрдүн кабарлашынча, түнкү саат үчтө жарык өчүп, эл дүрбөлөңгө түшкөн.

“Эч ким эмне болуп жатканын түшүндүргөн жок. Кечирим да сурашкан жок”, – деди жүргүнчүлөрдүн бири.

Өзбекстандын Транспорт министрлигинин өкүлүнүн айтымында, аэропортто үч көмөк чордон бар. Алардын үчөө тең өчүп калган.

Эксперттердин пикиринде, аэропортту курууда коопсуздук эрежелери эске алынбайт. Катуу жамгыр жааган учурда имараттын ичи сууга толуп калат.

Ташкент эл аралык аэропорту 2018-жылы колдонууга берилген. Азыркыга чейин курулушка канча акча жумшалганы айтыла элек. Объект мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: