Menu

Мелис Аспеков, жарандык активист: “Атамбаев өлкөдөн чыгып кетиши толук мүмкүн”

Бөлүшүү:

-Президентибиз С. Жээнбеков расмий түрдө Швейцарияга барып келе жатып, күтүүсүз Кремлге кайрылгандыктан, коомчулукта ар кандай пикир жаралып, талкууланып жатат. Кандай болгон күндө да жолугушуу А.Атамбаевдин айланасында болгондугу чындык. Себеби, А.Атамбаевге Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгынан эки жолу чакыруу келди. Алар мыйзам боюнча үч жолу чакырат. Эки жолу чакырганда келбесе, үчүнчү жолу мажбурлап алып келишет. Бул иштердин бардыгы Кремлге маалым, алар бардыгын карап турат. Ошондуктан эки өлкө башчынын ортосунда Атамбаев боюнча сөз жүргөн жок деген кеп акылга сыйбайт. Бирок, сүйлөшүү кандай өткөндүгү бизге белгисиз. Ал жакынкы күндөрү белгилүү болот. Аны менен катар коомчулукта А.Атамбаев Путин менен сүйлөшүп жаткандыгы, Бельянинов телефон аркылуу байланышып, аны Москвага чакырып жаткандыгы боюнча дагы кептер бар. Эгер ушул сөздөр чын болсо, жакынкы күндөрдө А.Атамбаев Кремлге учуп кетиши мүмкүн. Себеби, азырынча Атамбаев суракка күбө катары гана чакырылып жаткандыктан, ага чек аралар ачык. Эгер кылмышка шектүү катары чакырылса, чек араларды жаап салышмак. Чек аралар ачык болгондуктан, ээн-эркин чыгып кетиши толук мүмкүн. Бирок, Атамбаев өлкөдөн чыгып, ошол жакта калып калса, президент С.Жээнбековдун командасы аны камабаса, анда азыркы бийликке элдин ишеними жоголот. Ал Москвага барса эле, жөн жатып калбайт. Ар кандай күчтү топтоп, чуу чыгарганын токтотпойт.

Булак: «13-квартал»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: