Menu

Айжан Чыныбаева, “Курак Кыргызстан айымдары” коомдук уюмунун төрайымы: “Саясатка келсем экология жана айымдар көйгөйүн көтөрөм”

Бөлүшүү:

Маектешимди сырттан таанып, байкап жүргөнүмө көп деле убакыт болгон жок. Ошого карабай анын эмгекчилдиги, эле учурда бир нече иштин башын бир кармагандыгы мени таң калтырып, мындай күчтүү айым менен жакындан таанышууга түрткү берди. Айжан Чыныбаева Кыргызстандагы алдыңкы ишкер айымдардын бири, бир нече долбоорлордун жетекчиси, катышуучусу. «Ротари клуб» эл аралык кайрымдуулук фондун жетектеп, бир катар тик борборлор, балдар үйлөрү жана жардамга муктаждар менен кызматташып келет. 2014-жылдан тарта өзүнүн «Эко Деми» коомдук фондун жетектеп, Ыссык-Көлдү, деги эле Кыргызстанды таштандылардан арылтууда опол тоодой эмгегин көрүп келе жатабыз. Мындан тышкары ал Норвегиянын Кыргызстандагы консулу жана консулдар клубунун президенти болуп саналат.

—Айжан айым, июль айынын башында Кыргызстандагы ишкер айымдардын башын бириктирген форум болду. Форумга катышкан «Курак» ишкер айымдар коомдук уюму тууралуу түшүнүк бере кетсеңиз.

—Ооба, өлқөбүздө алгачкы жолу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин демилгеси менен «Кыргыз Республикасындагы айымдардын ишкерлиги: жаңы дем» улуттук жыйыны болуп өттү. 400 ишкер айымдын башын бириктирген форумда келечекте ишкер айымдардын маалымат базасы ачылаары, төмөн пайыз менен насыя берилери айтылды. Ал эми «Курак – Кыргызстан айымдары» коомдук уюму 2012-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Коомдун негизги максаты Кыргызстандагы айымдарга ар тараптан жардам берүү, коомдо өзүн табуусуна шарт түзүү, ишкерликти баштаган айымдардын ишинин андан ары ийгиликтүү жүрүшүнө колдоо көрсөтүү болуп саналат. Башкача айтканда эже-сиңди, курбулардай бири-бирибизге кам көрүү. Бүгүнкү күндө коомго мүчө катары эл көзүндөгү адамдардан Дилбар Ашымбаева, Татьяна Воротникова сыяктуу иштин көзүн билген айымдар бар. Азыркы учурда Кыргызстандын 7 облусунан ар тармактын өкүлдөрү бар жана Таласта, Нарында, Жалалабадда филиалдарыбыз иштеп жатат. Коомго сиңип калган «аялдар бири-бирин көрө албайт» деген стереотиптен арылуу максатында аталган топ өз ишмердигин жүргүзүп, тескерисинче коомдо айымдар эже-сиңди катары кандай гана кырдаал болбосун бири-бирин колдон-буттан алып жардам берүүгө даяр экендигин тастыктоо. Айымдын табияты өзү жаратуучу, кам көрүүчү эмеспи. Мындан тышкары чет өлкөдө жашаган биздин коомдун мүчөлөрү аркылуу көйгөйлөр жаралган ушурда ар ким колунан келген жардамын берет. Алардын арасында жөнөкөй үй кожойкесинен баштап, орто же чакан бизнеси бар айымдар бар.

—«Курак» уюму тренингдерди өткөрөөрүнөн кабарым бар…

—Ооба, буга чейин көп эле жолу тренингдерли өткөрүп келдик. Мисалы кол өнөрчүлүк багытында Дилбар Ашимбаева, Татьяна Воротникова багыт берсе, отел жана ресторандар бизнеси боюнча, туризм боюнча, финансылык сабаттуулук боюнча дагы тренингдер  болуп турат. Мындан тышкары биздин организация Орусиянын ишкер айымдары, Италия өлкөсүнүн ишкерлери чогулган аянтчага мүчө. Мен Казакстандын ишкер айымдарынын «Woman Ехро» фондунун Борбордук Азия боюнча элчисимин, Орусиядагы ишкер айымдар организациясынын, Евразия аялдар Саммитинин Кыргызстандагы өкүлумүн. Бул тармакта ар дайым иш алып барабыз. Мындай айымдардын башын бириктирген аянтчалар айымдардын бири-бири менен байланышуусуна, ишкердиктин андан ары өнүгүүсүнө мыкты шарт түзөт.

—Демек, каалаган айымдын сиздердин катарыңыздарга кошулууга мүмкүнчүлүгү бар?

—Албетте, сөзсүз ишкер айым гана эмес ар бир тармактын өкүлдөрү биздин катарга кошула алат. Учурда арабызда мугалимдер, чебер-уздар бар. Буюрса жакында ІТ  продукцияларга болгон суроо-талап күчөдү жана баасы дагы бир топ кымбат. Бул тармакта эмгектенгиси келген айым дарга эл аралык фонддор тарабынан окутуу каралган. Чакан ишкерликке караганда бул тармакта көп киреше табууга болот. ІТ кызматтарына чек жок жана ар дайым суроо-талап күчтүү экенин билесиздер.

—«Эко Деми» долбоору боюнча дагы айта кетсеңиз, быйылкы жылдын эсебинен дагы тазалоо иштери жасалдыбы?

—«Эко Деми» долбоорунун алкагында жыл сайын айлана-чөйрөнү тазалоо иштери жүргүзүлүп келинет. Быйыл Ысык-Көлдө 3 акция өттү, Баткенде, Кара-Балтада, Ошто жана Нарында өттү. Фонд волонтерлордун жардамы менен көп иштерди жасап келет. Былтыркы жылы биздин фондду Эстонияга чакырышты. Президенттин катышуусунда 4 миңге чукул катышуучу топтогон акциянын натыйжасы жакшы болду. Буюрса күзүндө дагы жаңы акция өтөт. Менин пландарымдын бири керемет көлүбүздүн түбүн таштандыдан тазалоо, учурда каражат булактарын жана керектүү жабдууну издеп жатам.

—Аялдар менен активдүү иш алып барган айым катары айтсаңыз, акчасы көптөр катар-катар аял алып, жаштар үйлөнүп бүтө албай атып кайра эки ажырым жолго түшүп жатат. Айтор коом деградация болууда. Сиздин оюңуз кандай?

—Коомго үлгү кылып үй-бүлөнү мыкты алып кеткен мырзаларыбызды алып чыгышыбыз керек. Балдарынын тарбиясы өз ордунда, аялын көкөлөтүп караган, бир катуу сүйлөбөй тарбиялаган, ошол эле учурда ар тараптан ийгиликтүү мырзаларыбыз көп да. Болбой эле элдин көзүнө чылкый семирген, тартиби жок, акчаны каалаганча кармап, унаасына кыздарды салган депутат мырзалардын мас абалында рулга олтурган көрүнүштөрүн жаштарыбыз улам көрүп атып коом деградация болуп атат. Улуттук баалуулуктар жоголууда. Андайдар арабызда көп, бирок алар өздөрүн жарнамалоону көп жактырышпайт. Учурда мигранттар тарабынан кароосуз калган балдардын саны 200 миңге чукул. Адардын келечеги бүдөмүк. Себеби алар жетиштүү тарбия, мээрим, билим алышпайт. Ар бирибиз айланабызды карап, мигранттар тарабынан ташталган ар бир балага өкүл аталык миддетти алсак, башында кыйын болгону менен кийин акыбети кайтат. Коом аз да болсо өзгөрөт.

—Зордук-зомбулук көргөн айымдарга кандай кеңеш бересиз?

—Мен ар бир айымга эч качан зордук мамилеге чыдап жашабагыла дээр элем. Аялга кол көтөргөн эркек эч качан анысын токтотпойт. Аны кечирип, чыдап жашайм, өзгөрөт деген түшүнук туура эмес. Өзүнүн эмоциясын башкара албаган, колуна алы жетпеген эркектер – алсыздар. Сабаган эркектен төрөлгөн балдар бактысыз, түнт болуп көп учурда ата-энесинин жашоосун кайталашат. Ошол эле ала качуу менен баш кошкон айым күйөөсүн сүйбөй туруп балдар жаралат. Балдар сүйүүсүз төрөлөт. Биз, айымдар аял затына кол көтөрбөгөн, тартиптүү мырзаларды тарбиялашыбыз керек. Мен билген бир айым күйөөсүнүн зордук-зомбулугуна чыдады болушунча. Кабыргалары сынып, нечен ирет ооруканага түштү. Акыр аягында Москвага качты. Балдары жолдошунда калган. Анткени күйөөсү өлтүрөм, балдарды бербейм дечү. Ал жакта даараткана жууп иштеп жүрүп бир мырзаны жолуктурду. Ал киши дааратканага жолугушууга келер эле. Себеби ал аялдын жакшы аял экенин түшүнгөн. Кийин экөө баш кошуп, аял балдарын жанына алды. Жаңы күйөөсү үйүн аларга мураска калтырган. Бул бактылуу аяктаган окуянын бири. Учурда биз жардам көрсөткөн көптөгөн кризистик борборлордо мындай каармандар көп. Адам качан өзүн тапканда ийгилик жылмаят, жакшы каражат таап баштайт, өзүнө болгон көз караш өзгөргөндө коомго болгон көз карашы дагы өзгөрөт дээр элем.

—Саясатка келейин деген ойлоруңуз барбы жана келсеңиз кандай багытта иш алып бармаксыз?

—Саясатка айымдар келиши керек деп ойлойм. Парламентте жок дегенде 30% айымдар болушу керек. Эгер билими жетиштүү, тажрыйбасы мол, өз чөнтөгүн ойлобогон кишилер иштесе эмнеге болбосун. Өзүм боюнча азырынча айта албайм, себеби менин көз карашыма, менин ички туюу сезимдериме туура келген партия жок. Бирок барбайм деп да айтпайм. Мен үчүн экология маселеси жана айымдардын көйгөйлөрү биринчи орунда турат. Ушул багытта иш алып бармакмын.

—Ишиңизге ийгилик!

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: