Menu

ИИМ: Атамбаев суракка жазуу түрүндө жооп бере албайт

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тергөөнүн суроолоруна жазуу түрүндө жооп бере албай турганын билдирди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова кабарлады.

«Алмазбек Атамбаев суракка келиши керек. Анткени тергөөнүн кызыкчылыгы жана сыры деген түшүнүктөр бар. Тергөө кызматы Атамбаев жеке өзү суракка келиши керектигин түшүндүргөн», — деди Аманкулова.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча буга чейин ИИМ Атамбаевди үч жолу суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тарткан.

Атамбаевдин өкүлү, адвокат Сергей Слесарев билдирүү таратып, мурдагы президенттин ИИМге суракка барууга ниети жок экенин айткан. Анда Атамбаев Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулганы боюнча тергөөнүн суроолоруна маалымат каражаттары аркылуу ачык жооп берүүгө даяр экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: