Menu

Фото – Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Кочи префектурасынын губернатору менен жолукту

Бөлүшүү:

Кечээ, 31-июль күнү Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мирлан Арстанбаев Кочи префектурасынын губернатору Масанао Озаки менен жолугушту. Тараптар кызматташтыктын учурдагы абалына канааттануусун билдирүү менен бирге, аны мындан ары кеңейтүү манилүү экендигин белгилешти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Элчи Мирлан Арстанбаев Кыргыз Республикасын Японияда таанытууга багытталган ар түрдүү биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады. Алардын башаты катары, Токио Олимпиада оюндарынын алдында, Кочинин аймагында кыргыз күрөшчүлөрү менен биргелешкен машыгууларды өткөрүүнүн перспективдүүлүгү белгиленди.

Япон тарабы кыргыз медиктери Кочи префектурасындагы клиникаларда стажировкага келип жатышканын билдирди. Губернатор М.Озаки биздин тараптар бул багыттагы кызматташтыкты кеңейте алышмак, деген оюн айтты.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын улуттук аялдар күрөшчүлөр тобун тосуп алып, аларга Японияга келгенден кийинки бүткүл шарттарды түзүп берүүгө даярдыгын билдирди.

Бул күнү М.Арстанбаев, Кочи префектурасы бүткүл япониялык деңгээлдеги күрөшчүлөрдү даярдаган «Kochi East High School» колледжине сапар жасады. Элчи, аталган колледждеги, кыргыз күрөшчүлөрүнүн машыгуусу пландаштырылган, спорттук объектисинин шарттары менен таанышып чыкты. Колледждин башкармалыгы бул объект эл аралык стандартта курулгандыгын маалымдап, кыргызстандык спортчуларды тосуп алууга толук даяр экендигин билдирди. Ошондой эле, япон тарабы алдыдагы иш-чарага Япониянын алдыңкы машыктыруучуларын чакырууну пландаштырып жаткандыгын кабарлады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: