Menu

Күч органдарын тейлеген Жеңиш Разаков эми “Азия Ньюс” менен соттошуп, “эрдигин” көрсөтөбү?

Бөлүшүү:

Өткөн жума соңунда өкмөттүн басма сөз кызматы шашылыш маалымат таратты. Анда «Азия Ньюс» гезитин вице-премьер-министр Жеңиш Разаков сотко бергенин, 10 миллион сом доолап атканын каңкуулаган. Кадыр-баркына шек келген имиш.

Кызыгы, вице-премьер-министр кайсы макалага арданып кеткенин ачыктаган эмес. Азырынча редакцияга да сотко чакыруу кагазы келе элек. Андыктан, иш менен таанышпай туруп, биз дагы так кесе бүтүм чыгарбай турабыз. Божомолубузда март айында «Азия Ньюс гезитине «Жеңиш Разаков Тажикстандын агентиби?« деген аталышта суроо маанайындагы материал жарык көргөн. Эми ошону көтөрүп атабы? Биз эле эмес, ЖК депутаттары, бир катар ЖМКлар бул боюнча маселе көтөрүшүп, жооп издешти эле го? Тажикстандан колго түшүп, түшүнүк кат жазганы калппы? Эмнеси болсо да, бул жаатта бериле турган суроолор али алдыда!

-Таңгалычтуусу, булардын кыйраткан иши жок, эми сөз эркиндигин кысууга өткөнү ушулбу? Баса, Жеңиш Разаков әчек ара чатагын чечмекчи” болуп кичи мекени Баткенге барганда аялдардын таландысында калып, кулагын жапыра качты эле го? (Ютубдан издесеңер табасыңар.) Элдин жүгүн тарта албай, айтылган сындарга чычаласа, аягы чыр-чатак менен кубаланып кетпейби? Күрөш эми башталат…

Эске салсак, буга чейин «Азия Ньюс» гезитин министр Жунушалиев менен ИИМдин 7-башкармалыгынын башчысы Матмусаев да сотко берип, экөө биригип 10 миллион сом талап кылып жатышат. Туңгуюкка баратабызбы?..

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: