Menu

Келдибек менен Жамбылбек

Бөлүшүү:

– Жамбылбек, кээде дөөдүрөп сүйлөгөнүң төп келип калган убактар болчу эле. Делбектеп президент болом деп кол чогултуп жүрдүң. Депутат болом деп алдамчы-ларга аябай алданып мыш болдуң. Иши кылып чоң сая-сатка аралашам деп аябай эле салпактадың. «Таздар» партиясын түзөм дедиң эле, аныңдан дайын жок. Иши кылып куудулдар арасында саясатка аралашкан сөрөй катары бир-эки суроого жооп бер? Кийинки кездерде убактылуу өкмөтчүлөр камалып чыккандарына калпак кийгизип, сүрөткө түшүп, чайга отуруп, президенттик резиденцияда президент менен расмий эмес түрдө кабыл алынымыш эле болуп жатышат. Булардын мындай жүрүштөрү эмнеден кабар берет?

– Келдибек аке, эч нерседен чочулабаңыз, булардын колдорунан эч нерсе келбейт. Булар чоң кызматтарда асты 2-3төн, арты 1-2 жолудан иштешпеди беле, эмнени кыйратышты эле? Азыр дагы жойпуланышып президенттен устукан сурап турган кездери. Президенттин кыжырына тийип ийишсе «мародерство» баштагыла дейт. Анан чогулганын көрүп алыңыз. Үчөө сразу качат. 2-3 кайра камалат. Бүттү анан ошону менен убактылуу өкмөт тамам болот, все.

– Ой Жамбыл, жакшы кебиң бар экен. Тим эле Ленин менен сүйлөшкөндөй болдум. Эми дагы бир суроо, баягыда Ошто, Жалал-Абадда май куюучу жайлар жарылып өрттөнүп адам өмүрүн алганда, эки шаардын башчылары шашылыш түрдө шаар ичиндеги АЗСтерди шаардын сыртына чыгарабыз деп айкырышты эле. Чыгарып бүтүштүбү?

– Чыгарбай чымыран калышсын. Ошол айкырган боюнча тамактары айрылып, АЗСтер ордунда эле калды. Силердечи?

– Эми Жамбыл, “аганы көрүп ини өсөт” дегендей, Ош Бишкектин үкөсү да, алар ошол Бишкектен үлгү алып жатышпайбы. Дагы сурооң барбы?

– Бар, Келдибек аке, жанагы машине пробка деген балээден кантип кутулабыз?

– Жамбыл, жанагы экөөбүз сөз кылган шаар ичиндеги тойканаларды, базарларды, АЗСтерди акырындап шаар четине чыгарышса эле шаар ичи пробкадан тазаланып жатып калмак.

– Келдибек аке, бул саамдын акыркы суроосу болсун. Нарындагы контейнер жабылып, окуучулар маданият үйүнө көчүштү деп жатышат укканыма караганда. А маданият кызматкерлеричи?

– Алар мечитке көчүштү дешти.

– Мечиттеги молдолорчу?

– Алар айыл өкмөтүнүн имаратына дешти.

– Айыл өкмөттө иштегендерчи?

– Алар эски, каралбай калган кампага көчүштү деген эле кептерди угуп жатам, чыны кайсы экенин билбейм. Жакында Нарын жакка барам, ошондо өз көзүм менен көрүп келип анан сага чалам, күтүп тур.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: