Menu

Ирина Карамушкина, КСДПчы депутат: “Алга Кылычов сыяктуу чабалдарды “сындырып” жатышат, ал азыр абактан чыгыш үчүн баарын айтып берүүгө даяр”

Бөлүшүү:

“Чет өлкөлөргө мамлекеттин атынан сапарга чыгуу – бул азыр депутаттардын бийликтин кол баласы болуп кызмат кылып калышынын эң башкы себеби. Мына ошондуктан депутаттар өлкөдө адам укуктарынын одоно бузулушуна, күчкө салып кармап кетүүлөргө жана 7-8-вгусттагы окуялар боюнча козголгон кылмыш иштерине кош көңүл болуп, көз жумуп жатышат”, – деп жазды бүгүн, 4-октябрда Кой-Таштагы адам өлтүрүү жана башаламандыктар боюнча үй камагында олтурган КСДПчы депутат Ирина Карамушкина өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларынын биринде.

“Мен ЕККУга бул окуяларга баа берүүнү суранып парламенттин жыйынында ачык кайрылган элем – унчугушпайт…  ЕККУнун анда эмне кереги бар? Ала Иса Ө. сыяктууларды эле бапестеп багышууда, анан бири-бирин таяп-түзөмөй… Атамбаевдин учурунда депутаттар каршылык көрсөтүшчү же макул эмеспиз деп түр жасашчу, азыр болсо “оң бетине урса сол бетин тосуп беришет”, иши кылып эле депутаттык мөөнөттүн акыркы бир жылында тынч олтургузушса болду дешет… Ал эми тергөөдө Алга Кылычов сыяктуу чабалдарды “сындырып” жатышат, ал азыр абактан ‘эптеп чыгыш үчүн баарын айтып берүүгө даяр… Жараткан эми арсыздар менен саткындарды жазалай баштаса экен деп тилейм!”- деп жыйынтыктады Карамушкина.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: