Кырсыкты кайдан деп болбойт, кечээ, 7-октябрда Майлуу-Сууда суу жээгиндеги жол менен бараткан машине буйтап келип, аңтарылып, агып жаткан сууга түшүп кеткен. Рулда 31 жаштагы жигит болгон. Жанында 52-жаштагы жана 41 жаштагы жүргүнчүлөрү бар экен. Үчөө тең курман болуп олтурат. Денелери суудан алынып чыгарылды. Региондук Ички иштер бөлүмү тарабынан кырсык катары каттоого алынды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ