Menu

Табылды Акеров, саясат таануучу: “С. Жээнбековдун миссиясы Кыргызстандагы ички саясатты, парламентти турукташтырып, коомдун эркиндигин камсыз кылып, анын алдыга жылуусуна, өнүгүп-өсүшүнө жол ачуу”

Бөлүшүү:

Экс-президент А. Атамбаев камалса, өлкө тынчыйт беле дегендер туура болуп чыкты көрүнөт. Экс-президент А. Атамбаев өз аракеттери менен көпчүлүктүн үшүн алып, дагы эмне болуп кетет деп бушайман кылды эле. Өлкө тынчыды. Тергөө иштери өз нугу менен жүрүп жатат. Бирок, коомчулук бийликтин мындан кийинки аракеттерин күтүп калган кез. Баары кулак түрө, өлкө, коом кайсы багытта жылат деп турган чак. Саясатчылар болсо, мезгилди шаштыра кийинки парламенттик шайлоолорго катышуунун камын көрө башташты. Эмне болсо да, жүрүп бараткан поездге жармашып, эптеп эле парламентке илешип калуу болуп жатат. Мына ушул маселелерге жооп алуу үчүн саясат талдоочу, тарых илимдеринин кандидаты Т. Акеров менен маек курдук.

— Экс-президент А. Атамбаев Кой-Таштагы үйүнө корголонуп алып, ачык эле бийликке баш ийбөө аракеттерин көрүп жатканда, коомчулук дагы эмне болуп кетпегей эле деп, чоочуркап калды эле. Бүгүн А. Атамбаев камакка алынып, өлкөдө бир аз болсо да тынччылык өкүм сүрдү. Бийликке мурдагыдай элдик фронт деген кооптуу түзүм менен тап берүү токтоду. Өлкөнү алдыда парламенттик шайлоолор күтүп жатат. Бирок, ошондой болсо да, коомчулукту өзгөрүүлөр болобу, болсо, алдыда кандай өзгөрүүлөр күтүп жатат деген суроолор түйшөлтүп келүүдө. Бул суроолорго сиз кандай жооп бере аласыз?

— Ооба. Чынында эле коомчулук кайсы бир деңгээлде түйшөлүп турат. Бирок, анчейин деле кабатырлануунун кажети жок. Себеби, Президент С. Жээнбеков өлкөдө бийликке карата интригалар уюштурулганы менен, өзүнүн убадаларына бек туруп, бардык аракеттерин өзгөрүүлөргө жумшоого аракет кылып жатат. Өлкөдө 29 жылдан бери коомубуздун шал оорусу болгон коррупция менен күрөш жүрүп жатат. Өлкөнүн тышкы саясаты жөнгө салынды. Кыргызстан бардык алыскы жана жакынкы өнөктөштөрү менен паритеттик негизде мамиледе болуп жатат. Сот реформалары жүргүзүлүүдө.

Бирок, менимче С. Жээнбековдун мындан башка да өзгөчө миссиясы бар. С. Жээнбековдун миссиясы Кыргызстандагы ички саясатты, парламентти турукташтырып, коомдун эркиндигин камсыз кылып, анын алдыга жылуусуна, өнүгүп-өсүшүнө жол ачуу болуп эсептелет. Путин айтпадыбы, Кыргызстанда эки ирет революция болду. Жетет. Эми аракеттеги президенттин тегерегине биригип, өлкөнү өнүктүрүүгө, алдыга жылдырууга аракет жасагыла деп. Биз муну аткарышыбыз керек. Башка жол жок. Ал өлкөнүн парламентин турукташтыруу, позитивдүү калыпка салуу керек. Өлкөнүн парламентин калыптандыруу Акаевдин доорунан бери эле аксап келатат. А. Акаев академик болгону менен, эмнегедир кландык түзүлүшкө өзгөчө маани берип, өлкөдө кландык демократияны орноткон. Ошого анын мезгилинде саясий партияларга парламентте 15% гана орун каралган. Бирок, анын бийликти саясий партиялар менен бөлүшкүсү келбегендиги акыры барып, анын бийликтен жылбышуусун шарттаган. Ошондуктан, К. Бакиев бийликке келээри менен көп партиялуулук системаны курууга аргасыз болгон. Бирок, ал баары бир негизги скрипка болуп калгысы келип, бир күндүн ичинде «Ак жол» деген кландык партияны түзүп, аны парламентке 71 мандат менен алып кирип алган. Бакиевдин бул амалы да ага жарытылуудай жардам берген жок. Бакиев көп өтпөй, бийликти мыкчыгерленип, бир муштумга түйүп алганы менен, акыры 7-апрелде элдин толкунунан улам, кулады. Бирок, Бакиев кландык партияларга жол берген президент болуп калды. Себеби, өлкө эгемендикке чыккандан бери саясий партиялардын өнүгүшү классикалык жол менен өрчүп жүрүп олтурган. Алгач, саясий партиялар идеологиялык негизде түзүлгөн. Мисалы, Кыргызстан коммунисттик партиясы, «Ата мекен» социалисттик саясий партиясы, КСДП, Кыргызстан Демократиялык Кыймылы, Жашылдар партиясы, «Таза коом» республикачыл партиясы, «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясы, «Агрардык» партиясы, «Ар-Намыс» прогрессивдүү-консерваторлор партиясы ж. б. у. с. Бирок, эгер Бакиевдин учурунда кландык жана регионалдык партиялар пайда болуп, жайылса, Атамбаевдин учурунда кландык регионалдык партиялар парламентти ээлеп алды. Бүгүнкү парламенттеги партиялардын ичинен «Ата мекен» менен «КСДПдан» башкасынын баарынын идеологиясы жок. Кыргызстанда 220дан ашык саясий партия болсо, алардын дээрлик көпчүлүгү кландык жана регионалдык негизде түзүлгөн. Ошондуктан, Кыргызстанда дайыма өлкөнүн туруктуулугуна шек келип, кооптуу абал түзүлүп келет. Партия лидерлери өз кланына же регионуна таянат. Ал жалпы республикалык негизде элге таяна албайт. Себеби, ал кландык же регионалдык деңгээлдеги лидер. Республикалык масштабда ал анчейин колдоого ээ боло албайт.

Атамбаев учурунда саясий партиялар кайсы бир олигархка байланылган эле. Олигарх саясий партияны парламентке алып келет, аны толук контролго алат. Партиялар андан жана бийликтен көз каранды болуп калган. Бул кызматы үчүн олигарх өзү билгениндей аракеттерге бара берген. Ал контрабанда менен аракеттенген, салык төлөөдөн жеңилдиктерди алган ж. б. у. с. көптөгөн жеңилдиктерге ээ болгон. Өзгөчө артыкчылыгы бар адамды коомчулук анча сүйбөйт. Ошого олигархтардын аркасынан аларды өлкөдөгү биринчи коррупционер жана контрабандист деген ар түрдүү сөздөр ээрчип жүрөт. Бул болсо, бийликтин аброюн түшүрөт, ага ишеничти азайтат. Орусияда болсо, В. Путин тескерисинче бүтүндөй олигархтардан саясаттан оолак болууну талап кылып, укпагандарын камоого алгандыгы баарыбызга белгилүү. Бирок, бизде Атамбаев тескерисинче, аларды саясаттагы бирден-бир оюнчу кылып салды.

Мисалы, Атамбаев өзү олигарх катары КСДП партиясын контролдоп келген. Ш. Абдыкеримовго «Кыргызстан» партиясын, Ө. Бабановго “Республика-Атажурт”, Б. Төрөбаевге «Өнүгүү-Прогресс» партиясын жүктөп койгон. Бүгүн дагы ушул көрүнүш сакталып калуу коркунучу туулуп турат. Жакында эле «Кыргызстан» партиясы өзүнүн съездин өткөрүп, анын ишине Ш. Абдыкеримов өзү катышып, К. Исаевди кайрадан лидер кылып бекитишти. “Кыргызстан” партиясын Ш. Абдыкеримов шайлоого алып барары анык болду. Ө. Бабанов өзүнүн «Республика» партиясын кайрадан жандандырып, шайлоого барары анык бодлу. Жалпыга белгилүү Р. Матраимов И. Ильмияновдун партиясы деп эсептелген «Мекеним Кыргызстан» партиясын парламентке алып кирет экен деген сөздөр таралып жатат. Бул партиянын электораты көпчүлүгүндө динчилдерден тургандыгын айтып, коомчулук кооптонууда.

— Өлкөдөгү саясий абалдан башкалар пайдаланып кетпейби?

— Бул абал сырткы күчтөрдү кызыктырбай койбойт. Жакында эле Орусиядан Кыргызстандагы саясий процесстерге байкоо салынып жатканын, жада калса, Атамбаевдин таарынычтарын жазып, аны болтурбай коюу үчүн да аракеттер болгонун, парламенттик шайлоолор да көңүл борборунда экендигин ачыктаган билдирүү болду. Демек, бийлик өлкөдөгү саясий процесстерди тыкыр анализдеп, аны контролдоп туруусу абзел. Болбосо, сырткы күчтөрдүн кызыгуусу күчөп кетиши мүмкүн экендиги анык болуп жатат.

Бирок, бийлик деле жөн жатпай, бул процесстерди аңдап турат. Президент С. Жээнбеков жазында парламентке кайрылып, «Саясий партиялар» жөнүндө мыйзамдарды кайра карап, өзгөртүүлөрдү киргизип, идеологиялык партияларга өзгөчө көңүл бурууну суранган. Кыязы, ошого жакында ЖКда экс-спикерлер кеңеши болуп өтүп, анда негизги сөз келээрки парламенттик шайлоолор тууралуу болгон. Анда парламентке кирүүчү босого 9 пайыз болушу кайрадан каралышы керек деген пикирлер айтылган. Спикерлер кеңешинин төрагасы М. Шеримкуловго шайлоолор боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карап чыгып, аны сунуштоо жүктөлгөн.

Кыргызстанда 5,6 чакырылыштагы парламенттик шайлоолордун тажрыйбасы көрсөткөндөй 7% босого менен биринде 5, экинчисинде 6 саясий партия мандатка ээ болууга жетишти. Демек, коомчулук бул көрсөткүчкө көнүп калды. Аны 4 же 3 партияга чейин азайтуу позитивдүү натыйжа бербеши мүмкүн. Бул бийликти монополиялоо менен барабар болуп калат. Саясий реформалар коомчулуктун талабына ылайык жүрүшү абзел. Б. а. коомчулук Атамбаевдин камалышы, кайрадан жаңы кландын жаралышын шарттабашы керек деп айтып жатат. Демек, саясий жаңылануу бул жаңы артыкчылыктарга ээ кландын түптөлүшүн эмес, тескерисинче, коомду позитивдүү алдыга жылдыруучу күчтөрдүн, саясий партиялардын парламентке келишин шартташы керек.

Албетте, М. Шеримкулов легендарлуу парламенттин спикери. Адам катары алдын көрө билген, мамлекеттик түзүлүш боюнча тажрыйбага бай, демократиялык көз караштагы адам. Ошого эң мыкты өзгөрүүлөр болот го деп үмүттөнөбүз.

— Коомдук жаңыланууга сиздин жеке пикириңиз кандай? Кандай сунуш киргизе аласыз?

— Менимче, М. Шеримкулов коомдук угууларды өткөрсө жакшы болчудай. Анан саясий партиялардын лидерлери менен тыгыз байланышып, жолугушуп, аларды ийге келтирип, жалпы парламенттик шайлоонун эрежелерине түзөтүүлөрдү киргизгени оң. Ошого жараша мыйзамдарга өзгөрүүлөрдү киргизиши керек. Саясатчылардын пикиринде эң негизги маселе бул парламентке кирүү босогосу болуп жатат. Бирок, бүгүнкү күндүн мындан да маанилүү талабы «Саясий партиялар» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, идеологиялык партияларга басым жасоо деп ойлойм. Идеологиялык партиялардын баары М. Шеримкуловдун учурунда, анын демократиялык жаңыланууну колдогондугунун негизинде жаралган. Тагдыр жазып М. Шеримкуловго өлкөнү дагы бир жолу жаңылануу жолуна салуу буйруп турат.

Мен «Саясий партиялар» жөнүндөгү мыйзамга ар бир саясий партиянын идеологиясы болушу абзел жана анын идеологиясы саясий бирикменин атында камтылышы керек деген норма киргизилиши тийиш деп ойлойм. Мисалы, Кыргызстан коммунисттик партиясы, же «Ата мекен» социалисттик партиясы ж. б. у. с. Ал эми шайлоо Кодексине Кыргызстанда парламенттик жана жергиликтүү шайлоолорго 10 жылдан (мисалы) кем эмес убакыт аралыгында катталган өз идеологиясы бар саясий партиялар гана катыша алат деген жобо киргизилиши абзел деп ойлойм. Бул жоболор киргенден кийин, идеологиялык партияларга жол ачылат. Ал эми саясий партияларга жана саясатчыларга өз каалоолору менен идеологиялык партияларга кирүүгө мүмкүнчүлүк берилиши керек. Мисалы, «Кыргызстан» партиясы Кыргызстан Демократиялык Кыймылы партиясын тандап алса, аты да, заты да жарашып, жаш демократтардын партиясы болуп чыга келмек. Жаштарга да ошондой негизде шыкак бермек.

— Орусияда олигархтар ченден чыгып кетээрде, аларга карата катуу чаралар көрүлдү. Бизде да олигархтар бийликке каршы тап бербейби? Акыркы учурлардагы олигархтардын айрым аракеттери бийлик менен мен эмес, бийлик мени менен эсептешсин дегендей сүр берип жатат. Олигархтардын саясатка аралашышы эмнеси менен кооптуу?

— Олиграхтар канчалык көбөйгөн сайын, ошончолук саясий партиялардын да саны көбөйөт. Ар бир олигарх өз партиясын түзүүгө аракет кылып жатат. Себеби, ал эч кимди уккусу келбейт. Тескерисинче, эл аны уккандын жакшы көрөт. Олигарх өзүн хан эмес, кудай сезет. Ошого өз партиясын түзүп, анын тизмесине анын айткандарын кыңк этпестен уккан адамдарды, өзүнүн кланынын өкүлдөрүн, жердештерин алат. Канчалык олигархтар эгедер партиялар көбөйсө, ошончолук алар коомдун өнүгүшүнө негативдүү таасир берет. 2016-жылкы парламенттик шайлоолордо Кара-Суу районунда КСДП менен «Өнүгүү-Прогресстин» штабындагылар өз ара тил табыша албай, атыша кеткендиги белгилүү. Бүгүн саясий партияларга ээлик кылган 3–4 олигарх бар. Бирок, бул барган сайын көбөйөт. Булар түзгөн партиялардын бардыгы тең кландык негизде же регионалдык негизде болот. Анан албетте, шайлоолордо же бир талаштуу проблемаларда бири-бири менен катуу кырчылдашышып, атышып да кетиштери мүмкүн. Олигархтар регионализмди күчөткөн, ошондой негиздеги да чатактардын уюштуруучулары болуп калышы мүмкүн. Алыс барбай эле Атамбаевдин Кой-Ташка жатып алып, мамлекетке, коомго, бүтүндөй жаамы журтка тап берип, регионалдык касташууну күчөтүүгө умтулган аракеттерин алсак болот. Олигарх эч качан туруктуу позицияда болбойт. Ал дайыма позициясын өзгөртүп, өз кызыкчылыгы үчүн сатып кете берет.

Ошондуктан, мамлекет ички саясатты жөнгө салуу үчүн олигархтарды бир аз болсо да ооздуктап, идеологиялык саясий партияларды алдыга алып чыгуусу абзел.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: