Menu

Алишер Мамасалиев, Кой-Таш окуяларын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү: “Фарид Аблезимович, сиздин күнөөңүз Атамбаевдики менен бирдей!”

Бөлүшүү:

7-8-августта Кой-Ташта болуп өткөн окуяларды иликтөөгө алган мамлекеттик комиссиянын мүчөсү катары интернет айдыңдарында пикир билдирүүлөрдөн оолак болуп келдим, бирок Фарид Ниязовдун мамлекеттик комиссиянын дарегине жолдоп, ММКларга жарыяланган кайрылуусунан кийин унчукпай кое алган жокмун.

Биринчи эле, Фарид Ниязовдун кайрылуусунда көзгө урунганы, анын жеке өзүнүн жоопкерчилигин жокко чыгаруу менен 7-8-августтагы Атамбаевдин үйүндөгү каргашалуу окуялар боюнча кымындай да өкүнүп койбогондугу болду. Тескерисинче, ал “Жараткандан болуп өткөн окуянын реалдуу күнөөкөрлөрү” тиешелүү жазаларын алуусун суранып атат өз казганында. Бул Фарид Ниязовдун биринчи жолу ачык түрдө Жараткандан калыстык суранып аткандагысы болсо керек, болбосо, буга чейин шефи Атамбаевдин оппоненттерине кылмыш иштери козголуп, камактарга алынганда, ал президенттик аппараттын башчысы катары дайыма соттун “калыс” чечими жөнүндө айтканды жакшы көрчү.

Фарид Ниязов менен Алмазбек Атамбаевге карата Кой-Таш окуялары боюнча тергөө
иштери аягына чыга электигине карабай, ал аны абсурддук жана ойдон чыгарылгандык катары баалоого ашыгууда.

Андан ары Ф.Ниязов өзү үчүн жоопсуз калган бир катар маселелерди тизмектептир.

Ага айта кетейинчи, КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-августтагы токтомуна ылайык, Кой-Таш окуялары боюнча тергөө иштерин КРнын ИИМи, Аскердик прокуратура жүргүзүүдө. Ал эми укук коргоо органдарынын 7-августтагы Кой-Таштагы аракеттерине укуктук баа берүү маселесине келе турган болсок, ал милдет КРнын Башкы прокуратурасына жүктөлгөн.

Фарид Ниязовдун: “Альфа” атайын кызматтын кызматкерлерин ким куткарды?”, – деген суроосу бетпактык, шылдыңдагандык катары кабыл алынууда, мен эскерте кетейин, Атамбаевдин үйүндө “Альфа” тобунун кызматкерлеринин куралдарын тартып алып, аларды барымтага алгандын эртеси күнү, 8-августтун таңында Фарид Ниязов видео кайрылуу жасап, анда бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында “Альфанын” кызматкерлерин кармап турушканын билдирген. Муну барымтага алуу дебегенде, башка эмне дешибиз керек?

Андан ары Фарид Ниязов эмне үчүн 7-августта элди Бишкекке жөнөтпөй кармап тургандыгы боюнча суроо салат. Ага дароо өзү жоопту берип, кан төгүлбөсүн, тынчтык болсун деп ушундай кадамга барышканын айтыптыр. Бул дагы жалган… ал учурда кан төгүлгөн болчу, “Альфа” атайын тобунун командири Үсөн Ниязбеков атылып өлтүрүлсө, Чүй ОИИБнын башчысы Самат Курманкулов башынан оор жаракат алган эле. Эгерде А.Атамбаевдин тарапташтары чындап эле тынчтыкты, конструктивдүүлүктү каалашкан болсо, анда 8-августтун кечиндеги Бишкектеги Ала-Тоо аянтында массалык башаламандык уюштуруунун максаты эмнеде эле?

Азырынча 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуялар тергөө иштери да, мамлекеттик комиссиянын иликтөө иштери да аягына чыга элек, ошол себептен тилекке каршы, мен ошол каргашалуу окуяга түздөн-түз катышкандардын берген көрсөтмөлөрүнө таянып эч нерсе айта албайм. Бирок мен бир нерсени так айта алам, Фарид Аблезимович, сиз эми буга чейин кылып келгендей ММКлар аркылуу коомчулуктун башын айландыра албайсыз. Сиз Атамбаевдин жакын адамдарынын бири, анын бардык саясий долбоорлорунун башкы идеологу катары 7-8-августтагы окуялар боюнча да, Атамбаев президент болуп турганда ишке ашырган легитимсиз саясий чечимдер боюнча да аны менен бирдей жоопкерчиликтесиз.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: