Menu

Кенжебек Бокоев, ЖК депутаты: «Азыр адистердин маянасы жергиликтүү бюджеттен төлөнүп жатат. Өкмөт билмексен-көрмөксөнгө салбашы керек»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеӊеште “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы тууралуу маалымат угулду. Анда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этиникалык топтор аралык агенттигинин директору Бахтияр Салиев ушу тапта Кыргызстандагы айыл өкмөттөрүнүн 80 пайызы достацияда отурганын айтты. Ошондон улам, аларга республикалык бюджеттен жылына 2 млрд сом сом көлөмүндө дотация жана 600 млн сом өлчөмүндө түрткү берүүчү гранттык каражат берилээрин билдирди.

Мындай маалыматты уккан депутат Кенжебек Бокоев: «Мыйзамга ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн тартылган адистерге эмгек акы республикалык бюджеттен төлөнүшү керек. Тилекке каршы, мындай мыйзам талабы азыркыга чейин аткарылган жок. Азыр адистердин маянасы жергиликтүү бюджеттен төлөнүп жатат. Өкмөт билмексен-көрмөксөнгө салбашы керек», – деди.

Маалымат үчүн айта кетсек, учурда Кыргызстанда 40 район, 31 шаар, 453 айыл аймагы бар. Алардын 80 пайызы дотацияда отургандыктан, республикалык бюджет аркылуу каржыланып келет. Өкмөт тарабынан айыл өкмөттөрүнө мүлк жана жер салыктарын, патенттик төлөмдөрдү жыйноо укугу берилген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: