“Биз атамекендик продукциянын рыногун жоготуп алдык” – деп билдирди бүгүн, 25-октябрда депутат С.Жураев КСДП фракциясында Антимонополиялык жөнгө салуу мамагенттигин ишмердүүлүгүнүн отчетун угуу учурунда.
“Атамекендик продукция рыногу болбогондон кийин импорттолуп келген продукцияга болгон бааларды кантип жөнгө салып жатабыз? Бааны алып келген тарап коет да”, – деди.
Ал Экономика министрлигинин өкүлүнө кайрылып, аталган агенттиктин саясаты кандай экенине кызыгып, ундун баасын мисал келтирди.
“Чындыгында унга болгон баа көтөрүлдү, анткени Казакстанда да баа көтөрүлгөн. Бирок мамматрезервде ун бар”, – деп Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров жооп берди.
“Эгерде катылган ун бар болсо, эмнеге төмөн баада алып чыкпайсыңар?” – деп сурады депутат.
“Эрежеге ылайык, 30 күндүн ичинде баа 20%га көтөрүлгөндө гана аны алып чыгабыз”, – деди орун басар.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ