Бул тууралуу Б.Бакетаев өзү билдирди. Ал октябрдын аягында Казакстандын Кордайынан автокырсыкка учурап, азыр Бишкектеги №4 шаардык ооруканада дарыланып жаткан экен.
“Биз Алматыдан келе жатканбыз. Кордойго жетпей кырсык болуп кетти. Маңдайдан келе жаткан автоунаа биздин жолду тороп, алдыбыздан чыгып калды. Менин сан сөөгүм чыгып кетип, ооруканага жатып калдым,” – дейт саясат таануучу.
Ооруканада жатып да, биздин медиктерди казактардыкы менен салыштырып жиберди:
“Биздин хирургдар азамат экен! Дегеле оорукананын деңгээли жаман эмес. Дарылоо, тамак-аш, сервис – биздин медиктерге ыраазымын. Алгач Кордай ооруканасына жеткиришти эле, алар менен салыштырып болбойт”, – дейт Бакетаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ