Menu

Казак аткаминерлерине кайрадан смартфон колдонууга уруксат берилет

Бөлүшүү:

Казакстанда жакынкы убактарда мамлекеттик кызматкерлердин жумуш орундарында смартфон колдонуусуна кайрадан уруксат берилет. Бул тууралуу өлкөнүн санариптик өнүгүү, инновациялар жана агрокосмикалык өнөр жай министринин орун басары Аблайхан Оспанов билдирди.

— Мага жеткен маалыматтарга караганда, тиешелүү токтом өкмөткө келип, бардык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылды. Жакында өкмөттүн жыйынында каралат. Кеп бардык мамлекеттик кызматкерлерге чектөөсүз смартфон колдонуу мүмкүнчүлүгүн кайтарып берүү жөнүндө болууда. Бул мамлекет башчынын тапшырмасы, — деди Оспанов.

Казакстанда мамлекеттик кызматкерлерге жумуш ордуларында смартфон колдонууга 2016-жылы тыюу салынган. Аларга чалуу жана СМС-билдирүү жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ телефондорду гана пайдалануу сунушталган. Анда мындай чектөө кызматтык маалыматтар ачыкка чыгып кеткен учурлар көбөйүп жаткандыгы менен түшүндүрүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: