Кумтөр” компаниясынын кызматкери киши колдуу болуп, каза болгону тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.
Алардын айтымында, окуя 5-ноябрда Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында болгон. Облустук ооруканага 1985-жылы туулган Ч.А. аттуу жаран бычактан алган жарааты менен жеткирилип, өзүнө келбей көз жумган. Мындай маалымат милицияга келип түшүп, ал факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча катталып, териштирүү иши башталган.
Териштирүү иште кылмышка шектелип маркумдун кесиптеши 51 жаштагы Т.Т. аттуу жаран кармалган. Ал өзү да күнөөнү мойнуна алып, окуяны айтып берген. Шектүү кесиптеши менен арак ичип алып, Караколго келе жатканда кер-мур айтыша кетишип, ортодо чыр чыккан. Ч.А. машинадан түшүп, Т.Т. аттуу кишинин машинасын чаап жиберген. Ошого жинденип Т.Т. аны бычак менен сайып салган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ