13-ноябрда парламентте биринчи окууда “Кыргыз Республикасынын биосфера чөлкөмдөрү жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулашты. Депуттар Ысык-Көл маселесин кабыргасынан коюшту.
Вице-спикер Мирлан Бакировдун айтымында, көлгө акыр-чикир салганы үчүн, пансионаттарда тазалаган жабдыктардын жоктугу үчүн айып пул гана салбастан, Латвиядагыдай кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунуш кылды. “Акыркы изилдөөлөр боюнча, эгерде акыр-чикир таштай берсек, Ысык-Көл сазга айланып кетиши мүкүн экен. Кудайга шүгүр, көлдүн өзүнүн тазаланган табигый системасы бар”, – деди ал.
Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамгенттиктин өкүлдөрү Көлдүн туз балансы бузулбаганын, жакынкы жылдарда андай коркунуч жок экендигин айтышты.
Депутат Максат Сабиров аткаминерлер Көлдө эндемикалык балыктардын канча түрү бар экенин билбегендери үчүн каарыды. Адистер 11 түрүн атап, чебак көбөйүп атканын айтышты эле, Сабиров 9 экенин белгилеп, биосфераны коргогон мыйзам иштебей жатканын айтты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ