Чүй облусундагы Сокулук районунда бир адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бүгүн, 14-ноябрда билдирди.
Алардын айтымында, окуя кечээ, 13-ноябрда Сокулукта Романовка айылында болгон. Мас абалындагы айдоочу 40 жаштагы кишини коюп кетип, аны ооруканага жеткирген. Жабырлануучунун каза болгонун уккандан кийин, ал качып кеткен. Дарыгерлер каза болгон киши тууралуу милицияга билдирген. Алар изи сууй элек айдоочуну бат эле таап, кармашкан. Ал 23 жаштагы Сокулук районундагы Биринчи Май айылынын тургуну болуп чыккан. Бул боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ