Эксперттер жооп таба албай убара. Индиядагы ири туздуу көлдөрдүн бири болгон Самбхара көлүнүн жээгинен 2,4 миң өлүк куш табылган. Ар түркүн куштар, анын ичинен келгин куштардын 20дай түрү бар болуп чыккан. Ушинтип 15-ноябрда Sun агенттиги билдирди. Куштардын өлүгүн дале санап жатышат. Алар 12-15 километрдик аралыкта чачылып жатат. Болгону 25 канаттуу тирүү табылган. Ветеринарлар аларды сактап калуу аракетинде. “Мындай эч качан болуп көргөн эмес. Себеби да түшүнүксүз”, -дейт орнитолог Абхинав Вайшнав. Азыр суунун курамы текшерилүүдө, балким, суу ууланган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ