Menu

Гонконгдо тополоң. Кыргыз студенттеринин ата-энелери тынчсызданып, президентке кайрылышты

Бөлүшүү:

Гонконгдо окуган кыргызстандык студенттердин ата-энелери өлкөдөгү абалга тынчсызданып, балдарын чыгарып кетүү үчүн президент Сооронбай Жээнбековдун көмөк көрсөтүүсүн суранышты. Бул тууралуу 15-ноябрда ата-энелердин бири – Исланбек Мааткерим уулу билдирди.

Анын айтымында, кырктай студент ар кайсыл лагерлерде. Аралда тополоң башталып, студенттердин туугандары балдарына тынчсызданып жатышат.

“Менин уулум SDU университетинде биринчи курста окуйт. Анын жатаканасы окуя болуп жаткан жерде жайгашкан. Азыр студенттерди кайсыл бир лагерге которуп жиберишиптир. Өкмөт менен Тышкы иштер министрлиги эч реакция кылбай олтурат. Ал эми казактар өз студенттерин өлкөдөн чыгарып кетишти. Кээ бир ата-энелер балдарына Бишккеке билет сатып беришти, бирок көпчүлүгүнүн андай шарты жок. Ошондуктан президенттин жардамын сурап жатабыз”, – дейт Исланбек мырза.

Эскерте кетсек, бир нече айлардан бери Гонконгдо нааразычылык акциялары токтобой келет. Эл экстрадиция жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилгенине нааразы болуп, шаарда тополоң уюуштуруп жатышат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: