Гонконгдогу нааразылык акция маалында казакстандык студент Абилкаир Нукпи кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигине таянып, Казакстандын ММКлары жазып чыкты.
Алардын маалыматына караганда, Гонконг полициясы 16-ноябрда «Баптист» университетинин имаратына кирип барып, андагы студенттерди кармашкан, анын ичинде А.Нукпи да болгон. Аны менен казак консулу жолугуп, анын абалы жакшы экенин билдирип, оң чыканагы бир аз сыйрылганын айткан. Студенттин иши боюнча алгачкы соттук угуу кечээ, 20-ноябрда башталган. Учурда дипломаттар ага адвокат издешүүдө.
Bloomberg агенттигинин маалыматына таянсак, Гонконг полициясы казак студентин күрөөгө бошотууга макул болгон эмес.
Буга чейин 18-ноябрда Казакстанга 118 студент кайтып келгенин, дагы 48 студент жакынкы күндөрү келе тургандыгын казакстандык кабарчылар жазып чыккан.
Эске сала кетсек, бир нече айлардан бери Гонконгдо нааразычылык акциялары токтобой, байма-бай болуп келет. Эл экстрадиция жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилгенине нааразы болуп, шаарда тополоң уюуштуруп жатышат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ