Menu

Видео – Төрөкан Жунусбеков: «Мира Жангарачева кичине акчанын айынан бүтүндөй кыргыздын менталитетин талкалады»

Бөлүшүү:

27-ноябрда, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталып, анда эл алдына дырдай жылаңач кыздар чыгып, шок кылган. Алардын видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынды жана дагы эле алынууда. Бүгүн, 2-декабрда ага каршы акция Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында болуп өттү. Аларды министр Азамат Жаманкулов кабыл алып, талаптарын угуп, өз пикирин расмий билдирди. Ошентсе да ага ар кайсы аймактан келген жарандар жана активист жарандар толгон суроо берип, өткөндөрдү (итке калпак кийгизгенди) эсине салды. Акциянын катышуучусу активист жаран Төрөкан Жунусбеков болгон бир акчанын айынан музейдин мурдагы жетекчиси Мира Жангарачева бүтүндөй кыргыз элинин менталитетин талкалаганын баса белгилеп айтты. Аны төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган, иш-чара 17 күнгө созулмак. Ага баргандар жылаңач денесин көрсөткөн кыздарды көрүп шок болгон. Ошондой эле кир кыпчыткыч менен ич кийимдерди кыпчып илип, анда: “Аборт кылуу менин укугум” жана башка дагы коомчулукка, өзгөчө жаштарга терс таасирин бере турган сөздөр жазылганын окуп, ооздору ачылган. Кыргыздын менталитетине туура келбеген жат көрүнүшкө каршы акция бүгүн (2-декабрда) болуп өттү. Уюштуруучу активист жаран Мелис Аспеков ушуга жол берген маданият министри Азамат Жаманкуловду элдин алдында кечирим сурашын талап кылды. Акциянын талабы менен феминнале токтотулуп, Г.Айтиев атындагы музейдин жетекчиси Мира Жангарачева ээлеген кызматынан бошотулду.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: