Menu

Таразда соода борбору өрттөндү

Бөлүшүү:

2-декабрда Казакстандын Тараз шаарында «Эврика» соода борбору өрттөндү. Өлкө ИИМинин Өзгөчө кырдаалдар комитетинин расмий өкүлү Нурсултан Нурахмедовдун айтымында, эки кабаттуу имараттын өрттөнүп жатканы тууралуу кабар түнкү саат 01:10до түшкөн.

Өрт өчүрүү кызматкерлери имараттын үстүнкү кабатынын жыгачтан жасалган чатыры күйүп жаткан учурда барышкан. «Өрт 03:30да өчүрүлдү. Кишилер жабыркаган эмес. Өрттүн эмне себептен чыкканы аныкталууда», – деди Нурахмедов.

Өрт 1187 чарчы метр аянтты каптаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: