Бүгүн, 5-декабрда депутат Максат Сабиров «Азаттык» радиосу берген журналисттик иликтөөгө токтолуп, анда ант берген офицерлердин айткандарына көӊүл бурду.
«Анда ант берген чек ара кызматкерлери – майор Камчыбеков менен улук лейтенант Осмонбеков «Манас» аэропортундагы көзөмөл-өткөрүү бекетинен акчалар кантип ташылып турганын айтышкандыгы үчүн кылмыш иши ачылып качып жүрүшкөндүгүн айтып жатышат»,- деген депутат биз кандай шартта жашап жатабыз деген суроо тууларын баса белгиледи.
«Бул жөн маселе эмес, бул мамлекеттик коопсуздук. Баарын акыйкат териштирип чыгуу керек. Алардын айткандарына реакция кылуу зарыл. Карап чыгып, палатада талкууланууга тийиш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ