Menu

Соттук реформанын алгачкы натыйжалары көрүнө баштады

Бөлүшүү:

11-декабрда президенттин алдындагы соттук реформа боюнча кеңештин 3-жыйыны өттү. Анда жаңы кодекстердин жана мыйзам ченемдеринин колдонулушу боюнча сөз козголду. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков буга чейин сот тармагында аткарылган иштер боюнча кеңири айтып, аткарылган иштерге токтолду. «2018-жылдын май айында менин тапшырмам менен соттук-укуктук реформага мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлгөн. Бул иш-чаралардын жүрүшүн байкап турууга, проблемаларды аныктоого жана аларды оперативдүү чечүүгө мүмкүндүк берген туура кадам болду. Аталган топ мониторинг жүргүзүү үчүн бардык областтарга барып келди. Жер-жерлерде жаңы мыйзамдарды колдонуу ченемдик укуктук актыларды шайкеш келтирүү боюнча иштерди жүргүздү. Мамлекеттик органдардын кызматкерлерине жаңы мыйзамдардын жоболору боюнча окууларды өткөрдү» – деди. Ошону менен бирге президент соттук реформанын алгачкы натыйжалары көрүнө баштаганын баса белгилеп, кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестри жемиштүү иштей баштаганын, мурдагыдай арызды кааласа каттап, кааласа жаап кое турган мүмкүнчүлүк жоюлганын, арызды жашырып койгон кызмат адамдарына кылмыш жоопкерчилиги каралганын билдирди.

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: