Menu

Салык тармагын “саан уйга” алмаштырып алган Абдалиев же жаңы замандын манабы тууралуу…

Бөлүшүү:

Коом өзгөрүүдө. Ага жараша адамдар да өзгөрүп атат. Дегеним, жаңы замандын да «Беш камандары» чыгып, заманбап манапчылык күч алды. Айталы, Өкмөткө караштуу Салык кызматынын жетекчиси Кабыл Абдалиев жетекчи болуп келгени башкача кадыр-барк күтүп, кекирейип калды. Арийне, Кабыл мырза өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп келди, бирок, жашаган үйү менен минген машинасын көрсөңүз таң каласыз. Салык тармагы саан уйдай «кирешелүү», анан калса ири коррупциялык тармак экенин эске алганда, Кабыл мырза деле коррупция ишинен алыс эмес да, туурабы? Же эмне Кабыл Кушбакович азыркы жетиштүү жашоосун «таман акы, маңдай терим менен ак эмгек кылып тишимдин кирин соруп, ай сайын айлыгымды чогултуп атып ушул үй-жайды курдум» – деп айта алабы? Айткан күндө да ага ким ишенет? Бүгүнкү айлык менен хан сарай салуу, кумара таап алып андан жин суурулуп чыгып каалооңду аткарганга барабар эмеспи. Кабыл мырза, эгер «Аладдиндин жомогуна» ишенбесеңиз канча байлыгыңыз бар экенин, аны кандай жол менен тапканыңызды ачыктап койбойсузбу?

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: