Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы бүгүн, 16-декабрда билдирди.
Алардын айтымында, жүк ташыган машинанын айдоочу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып кетип, машинасы аңтарылып калган. Жабыркагандар жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ