«Ак-Жол» – «Кордай» бекети 2020-жылы жабылаары Кыргызстан менен Казакстандын депутаттар тобунун жолугушуусунда 19-декабрда маалым болду. Мындай маалымат Жогорку Кеңештин сайтында да жарыяланды.
ЖКнын сайтынын маалыматына таянсак, 2020-жылы реконструкциялоо иштерине байланыштуу кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» – «Кордай» көзөмөл-өткөрмө бекети жабылат. Бул тууралуу Казакстандын мажилис төрагасынын орун басары Владимир Божко билдирген. Ал аталган бекетте оңдоо иштери башталаарын айткан. Ошондой эле «Ак-Тилек» – «Кара-Суу» өткөрмө пунктта жалаң жүк ташыган машиналар каттагандыктан, көпүрөдө көйгөй пайда болгон, ага көңүл буруу зарыл экенин баса белгилеген.
Казакстандын расмий маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 11 машина өткөрүү пункту бар. Учурда иштеп жаткан өткөрмө бекеттерден жылына 11 миллиондой адам, 465 миңге жакын машина өтөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ