Menu

Аялын аеосуз токмоктоп өлтүргөн киши эки айга камалды

Бөлүшүү:

Баткенде аялын аеосуз токмоктоп өлтүргөн киши эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 6-январда билдирди.

Алардын айтымына караганда, аялын уруп-сабаган адам эки айга камакка алынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Эске сала кетсек, 3-январда, кечинде жубайлардын ортосунда жаңжал чыгып, күйөөсү аялын эстен танганча сабай берген. Токмоктон алган жаракаттардан улам, 26 жаштагы келин өзүнө келе албай көз жумган. «Тез жардам» менен ооруканага жеткирилген аялдын денесинде көк ала тактар жана бутунда күйүктүн тагы бар экенин милиция аныктаган. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130 беренеси («Киши өлтүрүү») менен катталган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: